ЗИГОТА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗИГО́ТА (гр. zygōtjs – бирге кошулган) – түр­дүү жыныстагы гаметалардын кошулушунан пайда болгон клетка. «З.» терминин немис бо­таниги Э. Страсбургер киргизген. З. хромосома­лардын диплоиддүү (кош) жыйындысы м-н гаметадан айырмаланат. Ал уруктануудан ки­йин өөрчүйт (көпчүлүк балырлар м-н козу карындарда) же сыртынан кабык м-н капталып, белгилүү убакка чейин тынч абалда болуучу спо­рага (зигоспорага) айланат, к. Уруктануу.