ЗООНОЗДОР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗООНОЗДОР (гр. зоо... ж-а njsos – ылаң) – мал­дын жугуштуу ылаңдары. Бул ылаңдардын коз­гогучтары малда гана мителик кылат. З-го уй чумасы (көк көйнөгү), чочко чумасы, уйдун эм­физематоз чоң чыйканы, пастереллёз, койдун жугуштуу энтеротоксемиясы ж. б. кирет. З-ду вирус, бактерия, козу карындар, риккетсиялар, мите курттар ж. б. пайда кылат. Алар түрдүүчө мителейт, мис., вирустар клеткада гана мите­лик кылып, клеткадан тышкары жашабайт, зыянкеч микробдор, риккетсия, мите козу ка-


рындар малдын түрдүү орган, ткандарында кө­бөйүшөт, к. Антропозооноздор.