ЗОРДУКТОО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗОРДУКТОО – күч колдонуу, коркутуу же жа­бырлануучунун алсыз абалынан пайдалануу м-н анын эркине каршы жыныстык катнаш жа­соо. З. аялдын жыныстык жактан эркиндигин одоно бузуп, денесине ж-а абийирине олуттуу залал келтирип, көп учурда анын ден соолу­гунун бузулушуна себепкер болгондугу ж-а кыл­мышкердин аракетинин зордукчул мүнөзү м-н коомдук коркунучтуу кылмыш катары эсеп­телет.