ЗОРОАСТРИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗОРОАСТРИ́ЗМ – 1) байыркы доордо, алгачкы о. кылымдарда О. Азия, Иран, Афганстан, Азер­байжанда, Ж. ж-а О. Чыгыштын бир катар өлкөлөрүндө, соңку мезгилде Индиядагы перстер м-н Ирандагы гебрлер арасында таралган дин. Ал пайгамбар Зооастрдын (Иранда Заратушт­ра) ысмы б-ча аталып калган. 2) Б. з. ч. 7–6- к-дагы байыркы ирандыктардын «Авеста» ат­туу ыйык китебинде жазылган пайгамбар Зо­роастранын (Заратуштра) окуусу. З-дин филос. окуусунун негизинде кош башаттуу дүйнө (дуа­лизм), б. а. жакшылык м-н жаманчылык, жа­рыкчылык м-н караңгычылык сыяктуу орто­сунда дайыма элдешпес күрөш жүрүп туруучу эки башталыштуу дүйнө жатат. З-дин негизги принциптери: Ахурамазда кудайдын бирдигине ишенүү; «түбөлүктүү эки башталманы» – жак­шылык м-н жамандыкты карама-каршы коюу, алардын ортосундагы күрөш дүйнөлүк процесс­тин негизин түзөт деп эсептөө; акыры жакшы­лыктын жеңип чыгарына ишенүү.