ЗЫМСЫЗ БАЙЛАНЫШ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗЫМСЫЗ БАЙЛАНЫШ – берилишти зым кол­донбостон жиберүү ыкмасы. Анын 3 түрү бар: 1) курьер байланыштыргыч, ал радио ж-а жа­рыктын инфракызыл тобун колдонуп, бир има­раттын ичиндеги түзүлмөлөр арасында бери­лишти жиберүүнү уюштурат. Натыйжада бери­лиш компьютерлер арасында кабелсиз жибери­лет; 2) берилишти радиотолкундун жардамы м-н шаар, облус ж-а мамлекеттерге жиберүү; 3) телефон байланышынын соталык (уюлдук) системасы. Бул системада радиотолкун колдо­нулуп, кыймылдуу байланыштар жүзөгө ашы­рылат. Соталык байланыштагы телефон бел­гилүү геогр. аймакка катталып, жерг. антенна м-н байланыштыруучу радиотолкундун тааси­ри м-н иштейт.