ЗЫНДАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗЫНДАН , Т о к т о г у л – Ысык-Көл обл-нун Ак-Суу р-нундагы кыштак. Ак-Булуң айыл өк­мөтүнө караштуу. Жыргалаң суусунун оң өйү­зүндө, деңиз деңг. 1870 м бийиктикте жайгаш­кан. Райондун борбору Каракол ш-нан 48 км чыгыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 262 км. Кыштак 1930-ж. негизделген. Калкы 1004 (2008); негизинен мал м-н алектенет. Не­гизги мектеп, китепкана, ФАП бар.