ЗЫНДАН КӨМҮР КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗЫНДАН КӨМҮР КЕНИ Ош обл-нун Өзгөн р-нунда, Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш капталында, Доңуз тоо ж-а Зындан суулары­нын аралыгындагы кырда, Мырзаке кыш-нан 27 км түн. тарапта. Кен 1939-жылдан белгилүү. 1987–90-ж. издөө-баалоо иштери жүргүзүлгөн. Кен 2 кабаттан ж-а бир нече кабатчадан турат. Төмөнкү кабат «Жөнөкөй», жогоркусу «Кари­мовский» деп аталат. «Жөнөкөй» кабатынын калыңдыгы 0,26 мден 105 мге чейин, «Каримов­ский» кабатынын калыңдыгы 0,09 мден 3,15 мге жетип, тереңдеген сайын жукарып жоголот. Сапаты б-ча көмүр газдуу (I Г) маркасына ки­рет, күлдүүлүгү 10,4–35,5%, күйүү жылуулугу 8199 ккал/кг. Эсептелген запасы С2 категория­сы б-ча 11,6 млн т.