ЗЫНДАН СУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 6 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗЫНДАН СУУ – Өзгөн р-нундагы суу, Жазы­нын оң куймасы. Уз. 36 км, алабынын аянты 247 км2. Фергана тоо тизмегинин түш. капта­лынан башталып, капчыгай аркылуу агат. Тоо­дон чыкканда өрөөнү кеңейип, салааларга бөлү­нөт. Алабында көптөгөн булактар ж-а жер көч­күлөр бар. Жылдык орт. чыгымы 2,61 м3/сек. Апрелде кире баштап, августта тартылат. Су­гатка пайдаланылат.