ЗЫЯРАТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗЫЯРАТ (ар. зийара – баруу) – исламда тилек кылуу (бала, ден соолук тилөө ж. б.), күнөөдөн арылуу, сооп табуу үчүн ыйык жайларга ата­йын барып сыйынуу. Пайгамбарлардын, ма­шайыктардын ысмына байланышкан жерлер­ге, мазарларга, атактуу адамдардын бейиттерине ж. б. ыйык жайларга табынышат. З-чылык­тын эң маанилүүсү – ажылыкка баруу. Кыргыз­дарда Сулайман-Тоо, Манастын күмбөзү сыяк­туу жайларга З. кылуу салтка айланган.