ИБЛИС

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИБЛИС , ш а й т а н – адамдарды жолдон чыга­рып азгырган, Алланын буйругун укпай, ага душман болуп, бейиштен куулган периштенин аты. Куранда айтылган б-ча (7-, 11-, 12-, 13-, 14-сүрөөлөрдө) Алла периштелердин адамга моюн сунуусун талап кылса, оттон жаралган И. ылайдан жаралган адамга сыйынуудан баш тарткан. Алла И-ти түбөлүк каргышка коюп, бейиште текебердик кылуу ылайык эмес деп, аны асмандан айдап, тозоктун азабын тартуу­ну буюрган. И. Алладан өз жазасын өтөөнү кыяматка чейин калтыруусун өтүнөт. Алла­нын ырайымын алгандан кийин И. адамдарды, жиндерди ж-а динге дили олку-солкуларды аз­гырууга киришет. И. өчүн алуу үчүн Адам Ата м-н Обо Энени азгыруудан баштайт. Ал жы­ландын кейпин кийип алып, Бейиштеги Адам Ата м-н Обо Энеге келип, жакшылык м-н жа­манчылыкты айырмалоо үчүн Алла тыюу сал­ган бейиш багынан алма үзүп, жеп көрүүгө көндүрөт. Алла Адам Ата м-н Обо Энени бул күнөөсү үчүн жазалап, бейиштен айдап чыккан. Ошондон бери И. адамдарды азгырып, түз жол­дон чыгарып келет.


Т. Өмүрова.