ИБН ХОРДАДБЕК
ИБН ХОРДАДБЕК , Абу-л Касым Убайдуллах ибн Абдаллах ибн Хордадбек (820–912) – араб географы, тарыхчы. Иранда туулуп, Багдаддан билим алган. И. Х. Аббасид халифатынын администрациясында иштеп, ал-Жибал аймагында почта бөлүмүнүн башчысы, көзөмөлдөөчү кызмат (сахиб ал-барид ва-л-хабар) аткарган. Анын калеминен бир нече эмгек жаралган, бирок бизге жалгыз гана хижранын 232-ж. (846–47) жазылып, кийин кошумчалар м-н кеңейтилген геогр. китеп – «Китаб ал-масалик ва-л-мамалик» («Өлкөлөр м-н жолдордун китеби») жеткен. И. Х. кызмат абалына байланыштуу көптөгөн даректүү маалыматтарды пайдаланган. Анын эмгегинде ар кайсы өлкөлөрдүн, өзгөчө Ирак, Хорасан ж-а О. Азиянын тарыхый-геогр. абалы м-н ал жердеги аймактар, шаар-кыштактардын, почта бекеттеринин, жолдордун жайгашышы, соода иши, киреше булактары ж-дө маалыматтар келтирилген. И. Х-тин чыгармасында Кырг-ндын азыркы аймагындагы соода жолдору м-н шаарлар ортосундагы аралыктар үзүндү түрүндө кезигет. Геогр. бул эмгекте Ортоңку ж-а Борб. Азиядагы түрк тилинде сүй-
лөгөн элдер м-н уруулар саналып, а. и. кыргыздар (хирхиз) болгону да белгиленген. Анын чыгармасын француз тилине Де Гуе которуп, «Араб географтарынын китепканасы» деген 6 томдуктун биринде жарык көргөн. И. Х-тин эмгегинен ал-Йакуби (9-к.), Ибн ал-Факих (9–10-к.), Ибн
Руст (10-к.), Ибн Хаукал (10-к.), ал-Мукаддаси (10-к.), ал-Казвини (13-к.) ж. б. пайдаланышкан.
Ад.: Крачковский И. Ю. Арабская географическая литература // Изб. соч. Т. IV. М.; Л., 1957; Источниковедение Кыргызстана. Б., 1996; 2-е доп. изд. 2004.<ParaBr>
Т. Жуманалиев.