ИДИОМА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИДИО́МА (гр. idioma – бөтөнчө, өзгөчөлөнүп тур­ган) – сөздүн өз (тике) маанисинде эмес, өтмө мааниде колдонулган, башка тилдерге сөзмө-сөз которулбай, ар бир тилдин жеке өзүнө гана тие­шелүү болгон сөз айкаштары (мис., кыргыз ти­линдеги «ат үстүнөн», орусча – «спустя рука­ва»). И. кесипчиликке байланыштуу лексика­да, адабий жанрларда кездешет.