ИЕРАРХИЯ БАЗАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЕРА́РХИЯ БАЗАСЫ – бир ысымдуу генеал. дарак же таблица түрүндө уюштурулган жогор­ку деңгээлдеги берилиш базасы. Берилиштер иерархиясы бит, байт, талаа, жазылыш ж-а бе­рилиштер базасы түрүндө уюштурулат. Генеал. дарак сыяктуу И. б. бутактарга ажырайт, ал энелик ж-а балалык жазылыштар болуп бөлү­нөт. И. б-нын башындагы энелик жазылыш түпкү жазылыш деп айтылат. Өзүнчө процессте түзүл­гөн берилиштер базасында энелик-балалык бай­ланыштар орнотулат. И. б-нын артыкчылыгы – берилиштер байланышы алдын ала аныкталган­дыктан, берилишке жетүү жеңил аткарылат.