ИЕРОГЛИФ
ИЕРО́ГЛИФ (гр. hierjs – ыйык ж-а glyphe – оюлган нерсе, белги) – 1) кандайдыр бир нерсенин сүрөтү (мис., адам, айбанат, жаратылыш ж. б.) түрүндөгү графема. Сөз муун жазууларында (мис., египет жазуусу, кытай жазуусу) көп кезигет; б. з. ч. 4-к-да колдонулган египет жазуусунун образдуу сүрөт белгилери. Анын 5 миңге жакын түрү белгилүү. Бирок ар бир доордо андай И-тин 800дөйү гана колдонулган. Египет
И-инин төмөнкүдөй түрлөрү бар: 1) египет тилинин үнсүз тыбыштарын туюндуруучу бир айкалыш белгилер (30дай); 2) морфемалардын фонет. туюнтмасы катары алынган эки-үч айкалыш белгилер; 3) бүтүндөй бир сөздү туюндуруучу белгилер – идеограммалар; 4) сөз маанилерин тактоочу, көмөкчү идеогр. белгилер – детерминативдер. И. башка алфавиттик эмес жазуулардын белгилери жазмаларда да колдонулат (к. Кытай жазуусу, Япон жазуусу). И. деп адатта байыркы ж-а азыркы кытай жазуусунун, сүрөт түрүндөгү хетт жазуусунун бири сыяктуу белгилери аталат.