ИЗИЛДӨӨ
ИЗИЛДӨӨ – 1) бир нерсени терең үйрөнүү, билүү, түшүндүрүү, аныктоо; 2) ил. И. жаңы билимдерди иштеп чыгуу процесси, таанып-билүү ишмердигинин бир түрү. Объективдүүлүгү, далилдүүлүгү, тактыгы м-н мүнөздөлөт ж-а эмпирикалык, теор. деп аталган эки деңгээлге ээ. И-нүн фундаменталдуу ж-а колдонмо (прикладдык), сандык ж-а сапаттык, уникалдуу ж-а комплекстүү бөлүнүшү кеңири жайылтылган; 3) ил. эмгек.