ИЗМАЙЛОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 6 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЗМА́ЙЛОВ Азиз Эминович (28. 12. 1913, Крым обл., Евпатория ш. – 8. 2. 2004, Бишкек) – педа­гог-окумуштуу, педагогика илимд. доктору (1959), СССР ПИАнын анык мүчөсү (1967), Кыр­гыз ССР ИАнын академиги (1968), Кыргыз ССРинин илимге эмг. сиң. ишмери (1974).

СССР Педагогика ИАнын Н. К. Крупская атн. сыйл. лауреаты (1974). Мос­квадагы Н. К. Крупская атн. Коммунисттик тарбия ака­демиясын бүтүрүп (1934), РСФСР эл агартуу комисса­риатынын жолдомосу м-н Кырг-нга келген, Кыргыз педагогика ИИИнин директору болгон (1955–81). И. кыргыз педагогика илиминин өнүгүшүнө чоң салым кошкон. 260тан ашуун ил. эмгектин ав­тору. Октябрь Революциясы, үч Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.


Эмг.: К вопросу об изучении обобщения и распрос­транения передового педагогического опыта. Ф., 1952; Мектепте кесип тандоого багыт берүү. Ф., 1965; Прос­вещение в республиках советского Востока. Ф., 1973; Изучение развития культуры народов Средней Азии и Казахстана в курсе истории СССР (в 8–10 классах). Ф., 1986.