ИЗОБАРА ПРОЦЕССИ
ИЗОБА́РА ПРОЦЕССИ – физ. системада сырткы турактуу басым шартында өтүүчү термод. процесс. Ал термод. диаграммада изобара м-н сүрөттөлөт. Ачык идиште суунун кайнашы, кыймылдуу поршендүү цилиндрдеги газдын кеңейиши (кысылышы) И. п-не жөнөкөй мисал. Эки учурда тең басым атм-ра басымына барабар. Туруктуу басым астындагы газдын көлөмүнүн темп-рага көзкарандылыгы Л. Гей-Люссак тарабынан аныкталган. Берилген массадагы газдын көлөмү, турактуу басымда темп-ранын жогорулашы м-н сызыктуу өсөт, б. а. V/T=const, p=const, m= const. V1, T1 ж-а V2, T2 маанилери м-н мүнөздөлгөн эки абал үчүн И. п. төмөнкүчө жазылат: V1/V2 =T1/T2. Өтө төмөн темп-рада (–73°Сге жакын) Гей-Люссак закону аткарылбайт. И. п-нде системанын жылуулук сыйымдуулугу анын турактуу көлөм кезиндеги маа-
нисинен чоң: С С =k, мында С ж-а С – изобара ж-а изохора процесстериндеги бир бөлүкчөгө туура келген жылуулук сыйымдуулуктары. И. п-нде идеалдуу газдын жасаган жумушу p.∆Vга барабар, мында p – басым, ∆V – газ көлөмүнүн өзгөрүүсү. р – v р v