ИЗОЛЯТОР 1
ИЗОЛЯ́ТОР (фр. isolateur, isoler – бөлүү, ажыратуу) – электр тогун такыр өткөрбөгөн же начар өткөргөн материал. И-го кургак аба, айнек,
фарфор, слюда, айрым майлар кирет. Өткөргүчтөрдөн айырмаланып, И-до заряддарды эркин алып жүргүчтөр жок болгондуктан, ал аркылуу ток өтпөйт. Бирок, И-го өтө чоң чыңалуу берилсе, ток өтүшү да мүмкүн, бул айрым учурда материалдын жараксыз болушуна алып келет. Токтун же заряддын коромжу болушун азайтуу үчүн И. электр өткөргүчтөрүн каптоо же ажыратуу үчүн колдонулат. Ал диэлектриктен ж-а байланышчу арматурадан турат. Фарфор же айнек И. электр өткөргүчтөрүнүн аба линияларында; резина же пластмасса И. кадимки кабелдерди каптоо үчүн; кремний диоксидинен жасалган плёнкалар конденсатор ж-а интеграл схемаларын даярдоодо диэлектрик материал катары колдонулат. Ал эми радиотех. түзүлүштө ж-а жогорку жыштыкта иштөөчү курулмаларда орнотулган И. стеатит, ультрафарфор өңдүү диэлектрик материалдардан жасалат. Жаан-чачын жааганда И. электр тогун өткөрүп жибериши мүмкүн. Муну болтурбоо үчүн И-дун бети татаал формада жасалат. Чыңалуусу 6дан 35 кВко чейинки электр линияларында казык түрүндөгү, андан көп чыңалууда гирлянда, үстү ачык бөлүштүргүч түзүлүштөрдө казык түрүндөгү таянычтуу И., ал эми жогорку чыңалууда өткөөл И. колдонулат.