ИЗОМОРФИЗМ 1

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЗОМОРФИ́ЗМ (изо... ж-а гр. morphe– фор­ма) – хим. курамы б-ча бирдей заттардын ок­шош формада кристаллдануу касиети. Мында кристаллдарда ж-а минералдарда хим. элемент­тер бири-бири м-н алмашат. И. хим. элемент­тердин атомдук касиеттеринин окшоштугуна, пайда болгон кошундулардын мүнөзүнө ж-а түзү­лүшүнө, термод. шартына байланыштуу. И. жа­ратылышта кеңири тараган. Бул минералдар­дын хим. курамынын татаалдыгы ж-а бир эле кошундудагы көп элементтин парагенезиси м-н түшүндүрүлөт.