ИЗООКТАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЗООКТА́Н , 2, 2, 4-т р и м е т и л п е н т а н, (СН3)3– ССН2СН(СН3)2 – алифаттык чектүү угле­водород; октандын изомерлеринин бири. Бен­зин жыттанган тунук, түссүз суюктук; кайноо t 99,2°С; сууда эрибейт, кадимки орг. эриткич­терде эрийт; бензол, метанол ж-а этанол м-н азеотроптук аралашманы пайда кылат. И. баш­ка изомерлери м-н бирге бир аз санда нефтини буулантып айдоодо алынган бензинде кезде­шет. Ө. ж-да И. изобутиленди полимерлөөдөн алынган димерди гидрлөө же болбосо изобутан­ды изобутилен м-н концент. күкүрт к-сы H SO , AlCl3, BF 2 4 3 ж. б. катализаторлорду катышты­рып а лкилдөө жолу м-н алынат. И-дын н-геп-


тан м-н болгон аралашмасы мотор отундары­нын детонацияга туруктуулугун аныктоодо кол­донулат ж-а аны октан саны м-н мүнөздөйт. Эгерде бензиндин детонациялык мүмкүнчүлүгү аралашманын мүмкүнчүлүгүнө барабар болсо (80% изооктандан, 20% н-гептандан турган), анда ал бензиндин октан саны 80ге барабар, к. Октан саны.