ИЗОПРОПИЛ СПИРТИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЗОПРОПИ́Л СПИРТИ , 2 - п р о п а н о л, и з о­п р о п а н о л, (СН3)2СНОН – алифаттык катар­дагы эң жөнөкөй спирт. Мол. салм. 60,09. Мүнөздүү жыты бар түссүз суюктук; кайноо t 82,4°С; суу ж-а орг. эриткичтер м-н бардык катышта аралашат. Суу м-н азеотроптук ара­лашманы пайда кылат. И. с. экинчилик бир атомдуу спирттердин бардык касиеттерине ээ; жөнөкөй ж-а татаал эфирлерди пайда кылат, ОН – тобу галоген м-н орун алмашат. Дегидр­лөөдөн ацетонго айланат. Күкүрт к-тасынын катышуусунда ароматтык углеводороддор м-н реакцияга кирип, алардын туундуларын (изоп­ропилбензолду, изопропилтолуолду ж. б.) берет.
Ө. ж-да пропиленди гидраттоо жолу м-н алы­нат. О. эле парафиндерди аба м-н окистен­дирүүдөн да алууга болот. И. с. ацетонду, эфир­лерди ж. б. орг. бирикмелерди алууда, парфю­мерияда, фармацияда, косметика ө. ж-нда эрит­кич катары, майлардын, табигый чайырлардын, латекстердин экстрагенти ж-а антифриз ката­ры колдонулат.