ИЗОСЫЗЫКТАР
ИЗОСЫЗЫКТАР (изо... ж-а сызык) – геогр. картада, вертикалдык кесилиште же графикте кандайдыр бир бирдей маанидеги чоңдуктарды (мис., темп-ра, басым ж. б.) туташтыруучу сызык. Айрым мезгилдеги же бир учурдагы үзгүлтүксүз кубулуштарга мүнөздөмө берет (мис., изобаттар, изобара). Табигый ж-а социалдык экон. кубулуштарды картага түшүрүү, о. эле алардын сандык мүнөздөмөлөрүн алууда ж-а өз ара корреляциялык байланышын анализдөөдө пайдаланылат.