ИЗОТЕРМА ПРОЦЕССИ
ИЗОТЕ́РМА ПРОЦЕССИ – физ. системада туруктуу темп-ра шартында өтүүчү процесс, термод.
абал диаграммасында изотерма сызыгы м-н сүрөттөлөт. И. п. системаны жылуулук өткөрүмдүүлүгү чоң термостатка жайгаштырганда жүрөт. Жылуулук алмашуу тез жүргөндүктөн, системанын темп-расы термостаттыкынан айырмаланбайт. И. п-не турактуу басымда кристаллдык катуу нерсенин эрүүсү ж-а суюктуктун кайноосу кирет. Берилген массадагы идеалдуу газда өтүүчү И. п. Бойль–Мариотт законуна баш иет. И. п-инде системага белгилүү санда жылуулук берилет (же жылуулукту өзүнөн берет), ал тышкы жумушту аткарат. И. п-нде идеалдуу газдын аткарган жумушу NkTln(V2/V1)ге барабар, мында N – газ бөлүкчөсүнүн саны, Т – абс. темпра, V1 ж-а V2– процесстин башталышы ж-а акырындагы газдын көлөмдөрү, k – Больцман туруктуулугу. Катуу нерсе ж-а көпчүлүк суюктуктан, фазалык өтүү болбосо, И. п-де көлөм өтө аз өзгөрөт.