ИЗОХИНОЛИН
ИЗОХИНОЛИ́Н , б е н з о п и р и д и н, С9Н7N – ароматтуу бирикме, бадам жыттуу гигроскоптуу кристалл. Эрүү t 26,5°С, кайноо t 243,5°С. И. муздак сууда начар, орг. эриткичтерде жакшы эрийт. И. хинолинге караганда күчтүүрөөк негиз. Аны Pt катышуусунда гидрлегенде 1, 2, 3, 4 тетрагидрохинолинге, толук гидрлегенде цисдекагидро-изохинолинге айланат. Суюк же газ фазада, мис., О3 ж-а О2 аралашмасы м-н окистендиргенде, пиридин 3, 4-дикарбон ж-а фталь к-талары пайда болот. Электрофилдүү реагенттер 5-көмүртектин атомундагы суутек м-н орун алмашат. И-ди бромдоо AlCl3 катышуусунда, нитрлөө HNO3 ж-а H2SO4 аралашмасынын таасири алдында жүрөт. Нуклеофилдүү орун алмашуу көбүнчө 1-абалда өтөт. И. таш көмүр чайырынын дистилляциясынан алынат. Боёкторду (мис., изохинолиндүү кызыл) ж-а дары-дармектерди синтездөөдө баштапкы зат.