ИЗОТОПТОР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЗОТОПТОР (изо... ж-а гр. tjpos – орун) – эле-

менттердин мезгилдик системасында бир орун-


да жайгашкан бир эле хим. элементтин атом

массасы м-н айырмаланган түрлөрү. И-дун атом ядросу бири биринен нейтрон саны м-н айырма­ланат, ал эми протондорунун саны бирдей. Ней­трон бейтарап бөлүкчө, ал ядронун зарядын өзгөртпөйт. Берилген элементтин И-нун хим. касиеттери негизинен окшош, атом массалык санына жараша алардын ядро-физ. касиеттери (ядронун туруктуулугу же туруксуздугу, жа­рым ажыроо мезгили ж. б.) түрдүүчө. И. т у­р у к т у у ж-а р а д и о а к т и в д ү ү болуп айырмаланат. «И.» терминин 1910-ж. англ. оку­муштуу Ф. Содди киргизген. И-ду кыскача бел­гилөө үчүн хим. элементтин символунун сол жак даражасына И-дун массалык саны көр­сөтүлөт, мис.,16О, 17О, 18О – кычкылтек И-у.