ИЗУМРУД
ИЗУМРУ́Д , з у м у р у т – минерал; бериллдин бир түрү. Мөлтүр тунук келип, өңү ачык жашыл. Кристалл түрүндө. Плагиоклазиттердин сырткы контакттарында, тальктуу сланецтер-
де, пегматиттерде, кальцит ж-а кварц тарамдарында кезигет. И. – кымбат баалуу, 1-класстагы асыл таш (к. Асыл жана кооз таштар). Тунук, кемтиксиз, күңүрт жашыл. И. алмаздан кымбат бааланат. И. жасалма жол м-н да алынат, бирок алар көбүнчө жаракалуу келип,
өлчөмү 0,5Ч3 смден ашпайт. Зергерлер кээде
жашыл корундду чыгыш изумруду деп аташат.