ИЙДИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЙДИ – 1) жыгач уста аспабы. Анын учу ичке, түбү жоон болуп, эки жагын тең миздей ийип, кадимки бычак сымалдатып, курч болоттон жа­салат. Аны жумуру мүйүзгө же жыгачка сап­тап, иштегенге эптүү болсун үчүн учун 70–80° ка бир жагына ийип коёт. Ушундан улам бул ас­пап И. деп аталат. Ал ээр, табак, аяк, соку, челек, сузгу, кашык, жанаяк, чөйчөк сыяктуу жыгач буюмдарынын ичин оюу, кыруу, жылма­лоо үчүн колдонулат; 2) ат такалаганда туякты тазалап, анын өсүп кеткен жерлерин тегиздөө, жука четтерин кесүү үчүн колдонулуучу чарба­лык курал. Ал жыгач ийдилөөчү И-ге окшобой, түзүлүшү жагынан айырмаланат. Сабы узу­нураак (20–25 см) болуп, бычагы чалгы сымал туурасынан ашталып, мизи бир гана жагында болот.