ИЙКЕМДҮҮ АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН ӨНДҮРҮШ
ИЙКЕМДҮҮ АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН ӨНДҮРҮШ – өзүн-өзү түзөп, жөндөөчү татаал технол. комплекс. Бул комплекс – өндүрүштүк, маалымат ж-а байланыш системаларын камтыйт. Ийкемдүүлүк – өндүрүштүн жаңы үлгүдөгү, сапаттуу, продукция чыгарууга болгон жөндөмдүүлүгү. Мындай жөндөмдүүлүктүн негизинде – И. а. ө. системасынын арх-расы робот тех. комплекстеринин базасынын негизинде түзүлөт; жергиликтүү (локалдык) эсептөөчү тармактар, өзгөчө алгоритмдик, программалык жабдуу ишке ашырылат. И. а. ө. системасынын негизги бөлүгүн робот тех. комплекс (РТК) түзөт. РТК-информациялык ж-а автоматикалык башкаруу системаларынан, технол. жабдуулардан, манипуляциялык ж-а унаа каражаттарынан турат. РТКда автоматикалык башкаруу системасы, технол. системанын иштөөсүн программалоо ж-а башкаруу үчүн кызмат кылат.