ИЙКЕМДҮҮ ВАЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 6 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЙКЕМДҮҮ ВАЛ – бурулууга туруктуу, бирок жакшы ийилүүчү вал. Ал иштөө убагында бири­бирине болгон абалы өзгөрүп турган окторго ай­лануу ж-а толгонуу моменттерин өткөрүүдө кол­донулат. Зымдан жасалган И. в. кайсы багыт­та болбосун ийкемдүү иштейт. Ал бир нече зым катмарларынан чыйратылып жасалган валдан турат, анын уч жагында кыймыл бергичке ту­таштыруу үчүн арматура (патрон) болот. Вал­дын сырт жагы урунуудан сактоо ж-а майлоочу майды кармап туруучу ийкемдүү соот (броня) м-н капталат. И. в. оңго ж-а солго айлануучу болуп бөлүнөт, себеби вал айланганда зымдын сырткы катмары чыйралып турушу керек. Зым­дан жасалган И. в. механикалаштырылган кол аспаптарда ж-а приборлордо (мис., тиш дары­лоочу бор машинасында ж-а жүн кыркуучу ма­шинада) орнотулат. Айрым учурда (мис., көп корпустуу буу турбиналарында) бири-бири м-н шарнирдүү туташтырылып, кыска звенодон тур­ган, сырты капталган шарнирдүү И. в. пайдала­нылат.