ИЙЛӨӨ
ИЙЛӨӨ т е р и - м е х ө н д ү р ү ш ү н д ө – малдын терисин буюм жасалуучу териге айландыруу. И. ар түрдүү ийлегич заттардын жардамы м-н ишке ашырылат. И-дө тери кылдарынын арасындагы суу чыгарылып, кылдар бирибири м-н жабышат. Өсүмдүктүн жардамы м-н И. – эң байыркы, кеңири таралган ыкма. Мында тери өсүмдүк кабыгынан ж-а тамырынан жасалган ийлегич экстрактта, ал эми минералдык ыкмада – минерал туздардын эритмесинде чыланат. Бул процессте тери тез ийленет, негизинен жука терилер иштетилет. Май м-н И-дө балык ж. б. жаныбарлардын майы пайдаланылат. О. эле синтездик ийлегич заттар кеңири таралган. И. кыргыздарда илгертеден эле колдонулган. Майда жандык (кой, эчки), кайберен (аркар, теке, кулжа) терилери колго ийленип, ал эми бодо мал (топоз, уй, төө) ж-а бугунун терилери талкууга салынган. И. ыкмасы м-н кайыш, көк, булгаары ж. б. даярдалып, чанач,
сабаа ж-а кийим-кечектер (тебетей, жака, тон, ичик, кандагай шым, жаргак шым) тигилген.