ИЙНЕ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 6 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЙНЕ – кийим-кече, ар түрдүү кездеме ж-а ки­йиз буюмдарды тигүүдө, сайма саюуда, өтүк-маа­сы ултарууда колдонулуучу тиричилик куралы. Алгач И-нин эки гана түрү (кол И., темене) бол­гон. И. түз ж-а ийилген, узун ж-а кыска, жоон ж-а ичке формада жасалат. Учурда техниканын өнүгүшүнө байланыштуу И-нин түрү көбөйүп, ө. ж. өндүрүшүндө кеңири колдонулат.