ИЙНЕ САЙЫП ДАРЫЛОО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЙНЕ САЙЫП ДАРЫЛОО , а к у п у н к т у­р а, ч ж е н ь - ц з ю - т е р а п и я – дененин белгилүү жерлериндеги тканга түрдүү узун­дуктагы ийне сайып дарылоо ыкмасы. И. с. д-го а к у п у н к т у р а н ы н өзү ж-а и г н и п у н к­т у р а (өсүмдүк заттарынан атайын кысылып жасалган таякчалар м-н) кирет. Экөө тең Кы­тайдын элдик медицинасында байыртан эле колдонулуп келген. Адамдын денесинде оору­нун түрүнө жараша ийне сайыла турган 664 че­кит бар. Дененин белгилүү жериндеги чекиттер­ге сайылган ийне нерв учтарын дүүлүктүрөт, дүүлүгүү мээге же жүлүнгө жетет, андан ар кай­сы органдарга келет. Ийнелер атайын металлдан жасалат, уз. 1,5–12 см, жоондугу 0,3–0,45 мм. Ийне туура сайылса, зырылдатып, какшатып же чымыратып оорутат. Демейде денеге 2–4 ийне сайып, 5–10–20 мин кармайт. Дарылоо 10–15 сеанстан турат. 10–15 күн тыныгуудан кийин кайталоого болот. Ийне тери, булчуң, тарамыш, муундун нерв талчаларын дүүлүктүрөт, ошол се­бептүү орган, ткандардын азыктанышы жакшы­рып, айрым ооруларда жакшы натыйжа берет. И. с. д. невралгия, неврит, куяң, талма, шал ж. б. нерв, аллергия (нейродермит, экзема, ри­нит ж. б.) ооруларында жүргүзүлөт. Өтө арык ж-а өтө семиз кишилерге И. с. д. колдонулбайт.