ИЙРИ МУУНАКТУУ МЕХАНИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 6 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЙРИ МУУНАКТУУ МЕХАНИ́ЗМ , к р и в о­ш и п т ү ү м е х а н и з м – бир түрдөгү кый­мылды башка түрдөгү кыймылга айландыруу-


чу механизм. Ал бир калыпта айланма кый­мылды алга умтулма кыймылга же тескерисин­че бир калыпта эмес айланма, термелме кый­мылга айландыруу ж. б.). Мында ийри муунак же муунактуу вал түрүндөгү айлануучу бөлүгү кыймылсыз же айлануучу кинематикалык түгөйдүн (шарнирдин) башка бөлүгү м-н бири­гет. И. м. м. жалпак, б. а. бардык бөлүктөрүнүн кыймылы жарыш тегиздиктеги ж-а мейкиндик­теги, төрт ж-а көп бөлүктүү болуп бөлүнөт. Жалпак ж-а төрт бөлүктүү түрү көп тараган, алар үч топко бөлүнөт: шарнирдүү төрт звено­луу, ийри муунактуу – жылгычтуу ж-а ийри муунактуу – кулисалык (сүрөт). И. м. м. пор­шендүү кыймылдаткычта, насос, компрессордо, прессте, металл кескич, жонгуч станокто, ка­мыр жууругуч, кар жүктөгүч ж. б. машиналар­да пайдаланылат.