ИЛГЕРИ ҮМҮТ ТУМШУГУ
ИЛГЕРИ ҮМҮТ ТУМШУГУ Африканын түштүгүндө (34°21′ түш. кеңдик м-н 18°30′ чыгыш узундукта). Тумшукта 1488-ж. португал деңиз саякатчысы Б. Диаш алгачкы жолу болуп, Бороонду тумшугу (португалча – Cabo das Tormen- tas) деп атаган, бирок португал король Жуан II келерки жылы бул жерден Индияга жетүүгө үмүттөнүп, И. ү. т. деп атын өзгөрткөн.