«ИЛИАДА»

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«ИЛИА́ДА» (Илион, б. а. Троя ж-дө поэма) – байыркы гректердин эпикалык поэмасы, дүй­нөлүк мааниге ээ чыгарма. Гомер жазган деп болжолдонот. Троя согушу (б. з. ч. 13-к.) ж-дөгү уламыштардын негизинде б. з. ч. 9–8- к-да Ионияда пайда болгон деп эсептелет. Гекзаметр м-н жазылган (15 700дөй сап ыр). «И-нын» башкы каарманы – Ахилл. Башкы көсөм Агамемнон ыза кылган «Ахиллдин каа­ры» – поэманын сюжеттик өзөгүн түзгөн негиз­ги мотив. Поэмада Микен көсөмү Агамемнон башкарган көп уруудан чогулган ахейлик ко­шуундун Трояны курчоого алганы сүрөттөлөт. «И-да» байыркы гректердин (уруулук түзүлүш­төгү) коомдук турмушу, материалдык ж-а ру­хий мад-ты ар тараптан чагылдырылган. Ал көркөм ж-а тарыхый мааниси жагынан гана эмес, байыркы замандагы билимдердин жы­йындысы, философия м-н поэзиянын булагы катары да жогору бааланат. Эпостогу тарыхый, геогр. фактылардын аныктыгы 18-к-дын аягын­да Г. Шлиман жүргүзгөн археол. казууларда ырасталган. «И.» 18-к-дын аягынан тартып орус тилине бир нече ирет которулган. Түп нускада­гы ыр өлчөмү сакталган алгачкы орусча клас­сикалык котормосу Н. И. Гнедичке таандык (1829).