ИЛИМИЙ ФАНТАСТИКА
ИЛИМИЙ ФАНТА́СТИКА – адам баласынын кыялынан жаралып, келечекте иш жүзүнө ашырууда мүмкүн болгон ил.-тех. маселелерди койгон ж-а сүрөттөгөн көркөм чыгармалар. И. ф-нын тарыхы байыркы замандардан башталат, бирок анын көркөм ад-тта өзүнчө жанр катары калыптанышы Ж. Верндин ысмына байланыштуу. «Укмуштуу саякаттар» деген жалпы ат м-н жарыяланган романдар циклинде ал илим м-н фантастиканын байланышын биринчи белгилеп, алардын табылгалары адамзатка кызмат кылат деп далилдөөгө аракеттенген. И. ф-нын дагы бир көрүнүктүү өкүлү – Г. Уэллс (1886–1946). Ал И. ф-ны социалдык божомол м-н айкалыштырып, чыгармаларында тех. өсүштүн натыйжасы адилетсиз бурж. коомдо адамзатты кыйроого дуушар кылат деген идеяны өөрчүткөн. И. ф-да бир катар ири чыгармалар жаралган (А. Толстой – «Аэлита», 1928; «Инженер Гариндин гиперболоиди», 1925– 26; А. Беляев – «Адам-амфибия», 1928; Г. Адамов – «Эки океандын сыры», 1939). Кыргыз адтында К. Эсенкожоевдин «Үчүнчү шар» (1939) аңгемеси, К. Жантөшевдин «Ашуу ашкан суу» (1955) повести И. ф. багытындагы алгачкы туундулар болгон. Кыргыз ад-тында фантастика жанрын профессионалдык деңгээлге Б. Сартов көтөргөн. Ал эми Ч. Айтматов «Кылым карытар бир күн», «Кассандра тамгасы» романдарын жаратуу м-н кыргыз ад-тындагы И. ф-лык жанрды жаңы сапаттык баскычка жеткирди.