ИЛИМ ЛОГИКАСЫ
ИЛИМ ЛОГИКАСЫ – илимдин атайын тармагы; илим-билимдердин теор. системасын талдоо үчүн азыркы логика түшүнүктөрүн ж-а тех. аппаратын колдонуучу илим, о. эле илимдин өнүгүү мыйзам ченемдүүлүктөрүн, ил. из-нүн эрежелерин, эксперименттик методдорун, ар кандай ачылыштарын изилдейт. И. л. өзгөчө илим катары 20-к-дын биринчи жарымында Г. Фреге, Б. Рассел ж-а Л. Витгенштейдин таасири м-н калыптанган.