ИЛМЕ ШИБЕГЕ
ИЛМЕ ШИБЕГЕ – сайма саюу, тор токуу үчүн пайдаланылуучу курал. Сабы жыгач, мүйүз ж-а сөөктөн, илмектүү учу металлдан жасалат. Ал ар кандай жиптерден жаздык тыш, көшөгө, туш кийиз, жүз аарчы, суу жоолук, күзгү кап, такта жабуу, суп көйнөк, чыптама, белдемчи ж. б. буюмдарды кооздоп саймалоодо ж-а тор кийим токууда кеңири колдонулат.