ИМАМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИМАМ (ар. астында туруу, жетектөө, жол баш­чылык кылуу) – 1) мусулмандардын диний же­текчиси, насыятчысы; 2) мусулман жамааты­нын башчысы, мусулман теократиялык (дин­чил) мамлекетинин башкаруучусу; халиф; 3) сун­низмде шариат ж-а адат маселелеринин негиз салуучулары; 4) 7–9-к-да шииттер жамаатынын жогорку башчысы; 5) мечит башчысы. Учурда И. термини шииттерде да, сунниттерде да дин жол башчысы катары колдонулуп келет.