ИМАНАЛИЕВ 1

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 6 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИМАНАЛИЕВ Жусуп (12. 3. 1900, Нарын уез­ди, Эчки-Башы айылы – 27. 10. 1974, ошол эле жер) – алгачкы агартуучу, педагог, Кыргыз ССРинин эмг. сиң. мугалими (1948). Фрунзе ш-ндагы пед. ин-тун алдындагы үч жылдык му­галимдер курсун бүтүргөн (1929). Тогуз-Тородо­гу Ийри-Суу мектебинин директору, 1932–35-ж. парткомдун секретары, 1940–58-ж. Коммунизм жети жылдык мектебинде эмгектенген. Ал Миң- Булак, Оттук, Эчки-Башы, Кызыл-Жылдыз айылдарында башталгыч мектептерди ач­кан. 1937-ж. «эл душманы» деген жалган жа­лаа м-н репрессияланган. 1939-ж. акталып, Ар­хангелскиде камактан бошотулган. Эмгек Кы­зыл Туу, Ленин ордендери, «Улуу Ата Мекен­дик согуш учурундагы каарман эмгеги үчүн» ж. б. медалдар м-н сыйланган. Ысмы Эчки-Башы айы­лындагы мектепке ыйгарылган (1990).