ИМАНАЛИЕВ 2
ИМАНАЛИЕВ Киреше (6. 11. 1927, Ысык-Көл обл., Тоң р-ну, Коңур-Өлөң айылы – 3. 6. 1998, Бишкек) – педагог, окумуштуу-методист; кыргыз ад-тын окутуу методикасын негиздөөчүлөрдүн бири, педагогика илимд. доктору, проф. (1974), КРдин илимге эмг. сиң. ишмери (1995). Кыргыз мамл. пед. ин-тунун тил ж-а ад-т ф-тин (1950), ММУнун аспирантурасын (1953) бүтүргөн. КМУда улук окутуучу (1953), кыргыз ад-ты кафедрасынын башчысы (1954–61), кафедранын доценти, проф. (1961–74), 1975-жылдан өмүрүнүн акырына чейин кыргыз тилин ж-а ад-тын окутуу методикасы кафедрасынын башчысы болгон. Орто мектеп, пед. атайын орто окуу жайлар ж-а ЖОЖдор үчүн кыргыз адабиятын окутуунун методикасынын, кыргыз ад-ты б-ча окуу программаларынын, о. эле 9–10-класстар үчүн «Кыргыз совет адабияты» окуу китебинин, орто мектепте кыргыз ад-тын окутуунун көп кырдуу маселелери б-ча 300гө жакын ил.-методикалык эмгектин автору. Эл агартуунун отличниги (1977). Эмгек Кызыл Туу ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.
Эмг.: Кыргыз мектептеринде адабиятты окутуу жолдору: 9–10-кл. үчүн. Ф., 1966; Орто мектептерде кыргыз адабиятын окутуу методикасынын негизги маселелери. Ф., 1973; Кыргыз адабиятын окутуу методикасы. Ф., 1976; Кыргыз адабиятын окутуу методикасынын орчундуу маселелери. Ф., 1984.