ИМПАКТТЫК ЗОНАЛАР
ИМПАКТТЫК ЗОНАЛАР (англ. ³mpact – сокку, түрткү) – антропогендик таасирден булганган океан, деңиз аймактары. Азыркы учурда өтө коркунучтуу булгоочу заттар (нефть ж-а нефть продуктулары, коргошун, сымап ж. б. оор металлдардын бирикмелери, уулуу химикаттар ж. б.) жер ортолук ж-а ачык деңиздерде, о. эле океандардын айрым бөлүнүштөрүндө кездешет. Булгануу алгач деңиз, океан жээктеринде пайда болуп, анан жээктен алыс акваторияга тарап, мезгил ж-а мейкиндик б-ча туруктуу болот. Суу объектилеринин булгануусунан импакттык экосистемалар түптөлөт.