ИМПЕРАТИВ
ИМПЕРАТИ́В (лат. imperātivus – буйруу) – 1) талап, буйрук, мыйзам; 2) И. Канттын окуусунда («Практикалык акыл-эсти сындоо» аттуу эмгеги) жеке принциптин карама-каршысы болгон жалпыга тиешелүү адеп-ахлактык жобо. Гипотетикалык И. – белгилүү бир шарттарда гана аракет кылат, кескин (категоричный) И. – жүрүм-турумдун ар дайымкы, милдеттүү принциби; 3) этиштин буйрук ыңгайы (мис., Жакшы оку!).