ИМПОРТ
И́МПОРТ (лат. importо – киргизем) – товар‚ технология‚ кызмат көрсөтүү‚ баалуу кагаз ж. б-ды алып кирип жаткан өлкөнүн ички рыногунда сатуу максатында чет мамлекеттен алып келүү; алып чыгуунун – экспорттун каршысы. Материалдык баалуулуктардын И-у (көрүнөө И.) өлкөнүн эл чарба түзүлүшүнө‚ анын эл аралык эмгекти бөлүштүрүүдөгү ордуна‚ жаратылыш шарттарынын өзгөчөлүгүнө көз каранды. Дүйнөлүк И-тун көлөмү‚ динамикасы‚ түзүлүшү тууралуу маалымат БУУнун «Мonthly Bulletin of Statistics» статистикалык бир айлыгында үзгүлтүксүз жарыяланат. Өнүккөн өлкөлөрдө азыркы учурда көрүнөө И. курамында ө. ж. товарларынын‚ а. и. машиналардын ж-а жабдуулардын салыштырма салмагы көбөйөт. Өнүгүп жаткан өлкөлөр машиналар м-н жабдуулардын И-унан тышкары азык-түлүктү да импорттойт. Көрүнөө И-тон башка көмүскө И. да болот. Анын курамында төмөнкү топтор бар: жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү ташуу м-н байланышкан чыгымдар, камсыздандыруу, ил.-тех. билимдер, фирмалардын ж-а жеке адамдардын которуулары, о. эле башка кызмат көрсөтүүлөр. Өнүккөн өлкөлөрдө көмүскө И. анын экспортунан ашат. И-ту жөнгө салуу үчүн бардык өлкөлөр улуттук кызыкчылыктын өңүтүнөн тигил же бул даражада протекциялык чараларды (бажы, лицензия системасы ж. б. рычагдар) пайдаланат.