ИМПОТЕНЦИЯ
ИМПОТЕ́НЦИЯ (лат. impotēntia – начардык, алсыздык), ж ы н ы с а л с ы з д ы г ы – негизинен эркектин жыныстык катнашууга жөндөмсүз абалы. И-га айрыкча ички ж-а сырткы жыныс органдарынын тубаса кемтиги, функциясынын бузулушу себеп болот. Жыныстык катнашууда өзүн-өзү кемсинтүү, оорууну сезүү, бири-бирин жактырбоо же түгөйлөрдүн уялышы жыныстык катнашуунун начарлашына алып келет. Мындай жасалган И-нын (псевдоимпотенция) түрү эркектерде да, аялдарда да жолугушу ыктымал. И-нын нейрогумордук түрү борб. нерв системасынын (психоз, олигофрения, неврастения, невроз) ж-а ички секреция бездеринин ооруларында келип чыгат. Өтө чарчоо, уйкунун бузулушу, кайгыруу, баш ооруу, болорболбоско ачуулануу, о. эле, омуртка же жүлүн оорулары И-га дуушарлантышы мүмкүн. Эякуляциянын өзгөрүшүндө аялдын мамилеси зор мааниге ээ. О. эле, такай ичкилик ичүү, тамеки тартуу борб. ж-а четки нерв системасына терс таасир этип, И-га түрткү бериши ыктымал. Жыныс мүчөсүнүн чыңалышы (эрекция) эякуляцияга байланыштуу болот. Жыныс мүчөсүнүн
кырсыкка учурашы да И-га алып келиши мүмкүн. Эркек баланын эн безинин сезгениши, жетилбей калышы, ички секреция бездеринин функциясынын начарлашы И-га түрткү болушу мүмкүн. Узак убакытка жыныстык катнашуудан баш тарткан, тескерисинче жыныстык катнашууну эрте баштаган, түрдүү жол м-н жыныс мүчөсүн чыңалтууга аракеттенген эркектерде И. эрте болот. И-нын негизги белгилери: эркектин жыныс мүчөсүнүн чыңалышы начарлайт, о. эле урук суюктугунун (эрендик) түшүүсү бузулат. Дарылануу үчүн сексопатолог, гинеколог, уролог, невропатологго кайрылуу керек. Ал оорулуу адамды текшерүү м-н себебин таап дарылайт. И. м а л д а – эркек малдын тукум берүүгө жараксыздыгы, ургаачы малдын кысыр калуу себептеринин бири. И-нын 2 формасы: 1) эркек малдын куутка толук же жарым жартылай жараксыздыгы; 2) эркек мал куутка нормалдуу катышып, бирок уругу тукум берүүгө жараксыз болушу. И-ны пайда кылуучу себептер – рациондо белок, витамин, макрож-а микроэлементтердин жетишсиздиги, моциондун жок болушу, борб. нерв системасынын ж-а жыныс органдарынын оорушу, малдын карылыгы. И. кээде тубаса да болушу мүмкүн. Дарылоо гормон заттарын, дары каражаттарын колдонуу ж-а операциялык жол м-н жүргүзүлөт.