ИМПУЛЬС

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

И́МПУЛЬС (лат. impulsus – сокку, кагылыш) ф и з и к а д а – нерсенин мех. кыймылын сан жагынан мүнөздөөчү вектордук чоңдук. P м-н


белгиленип, P=mv формуласы м-н туюнтулат. И-тун бир нече түрү бар: 1) м е х. И. – кыймыл­дын чени, б. а. кыймыл саны. Материянын бар­дык түрлөрү, а. и. электр-магниттик ж-а грави­тациялык талаалар да И-ка ээ; 2) к ү ч И-у – белгилүү убакыттагы күч-аракет чени (чоңдугу); ал күчтүн орт. маанисин күч аракеттенген уба­кытка көбөйткөндөгү көбөйтүндүсүнө барабар; 3) т о л к у н И-у – мейкиндикте же чөйрөдө таралуучу толкундун бир ирет дүүлүгүшү, мис., басымы тез көбөйгөн ж-а капысынан болуучу үн И-у. Оптикалык нурлануу булагынын жа­рыкты аз убакытта (0,01 сек) чыгаруучу жа­рык И-у (бул электр-магнит И-унун айрым учу­ру); 4) э л е к т р И-у – токтун чыңалуусунун же күчүнүн кыска мөөнөткө өзгөрүшү. Электр чын­жырындагы өтмө процесстер м-н салыштырма­луу убакытка карата кыска мөөнөт деп түшүнсө болот. Электр И-у жогорку вольттуу ток И-у, видеоимпульс ж-а радиоимпульс болуп бөлүнөт.