ИМПУЛЬС РАЗРЯДЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 6 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

И́МПУЛЬС РАЗРЯДЫ – өтө кыска убакытта (секунддун үлүшү) газда өз алдынча пайда болуу­чу туруксуз электр разряды. И. р-нын эки түрү бар: 1) жасалма жол м-н түзүлгөн турактуу токтун импульсунан алынган разряд. Мындай И. р. плазманын негизги параметринин релак­сация убагына караганда аз убакытта берилген кыска импульста пайда болот. Кайталануучу И. р-нын мүнөзүнө разряд аралыгындагы чөйрө­нүн калдыктуу иондошуусу таасир этет. И. р. оңой ж-а дайыма күйүшү үчүн разряд аралыгын­дагы чөйрөнүн алгачкы иондошуусу же күйгүзүү потенциалынан чоң электр талаасы колдонулат. 2) энергия булагынын сыйымдуулугу чектелген учурда пайда болгон разряд. Бул учурда И. р. мезгили м-н өчүүчү ток формасын алат. Бул уч­кун разряды деп аталат. И. р. атайын жарык булагын алууда, газ электроникасында, техни­када колдонулат.