ИНВЕСТИЦИЯЛЫК САЯСАТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНВЕСТИЦИЯЛЫК САЯСАТэкономикалык саясаттын курамдык бөлүгү. Мамлекет ж-а чар­бакер субъекттер тарабынан инвестициялардын структураларын ж-а масштабдарын белгилөө, аларды пайдаланууга багытталган артыкчы­лыктарды, алуу булактарын аныктоо түрүндө жүргүзүлөт. Кырг-ндын экономикасын турук­таштыруу ж-а көтөрүү, ал түгүл андагы олут­туу структуралык кайра түзүүлөр, узак депрес­сия абалына каршылык көрсөтүүнү камсыз кы­луу инвестиция процессин жандандыруусуз мүмкүн эмес.