ГРЕЧКО Прокопий Данилович

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:19, 23 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРЕ́ЧКО Прокопий Данилович (1878–1932) – Жети-Сууда Совет бийлигин орнотуу ж-а чыӊдоо үчүн күрөшкө катышуучу; Пржевальск уезддик большевиктер уюмун уюштургандардын ж-а аны жетектегендердин бири. 1905–07-ж. рев-яга катышкан. 1909-ж. Пржевальск уездиндеги Липенка кыш-нда рев-ячыл иштерге катышкандардын кыштактык тобун уюштурган. 1914–18-ж. биринчи дүйнөлүк согушка катышкан. 1918-ж. январда өткөрүлгөн Дыйкан депутаттар советтеринин Жети-Суу обл. съездинде советтин төрагасы болуп шайланган. 1918-ж. июлда Пржевальскиде большевиктик уюмдун төрагалыгына дайындалган. Кийин Пржевальск уезддик советинин ж-а ЭКСтин Нарын рев-ячыл к-тинин төрагасы болгон.