ИНДИКАТОР МИКРООРГАНИЗМДЕР
ИНДИКА́ТОР МИКРООРГАНИЗМДЕР – сырткы чөйрөнүн тигил же бул шартына мүнөздүү болгон, анын абалын, ар кандай таасирлерин көрсөтүп туруучу микроорганизмдер. И. м-ди изилдөө топурактын микробиологиясынын өнүгүшү м-н коштолуп, алардын жардамы м-н топурактын тибин, анын агротех., агрохим. ыкмаларынын топуракка таасирин аныктоого жардам берет. О. эле микроорганизмдер аба, суу, топурак ж. б. жаратылыш объектилеринин ар түрдүү хим. (оор металлдар, пестициддер) радиоактивдүү заттар м-н булганышынын мыкты көрсөткүчтөрү болуп эсептелет. Топуракта кээ бир биогендик элементтер бар экендигин көрсөткөн микроорганизмдер кездешет. Мис., азотобактер кальций, магний, азот, о. эле, оор металлдардын: Hg, Pb, Cd, Zn, Mo ж. б. элементтердин топурактагы бир аз концент-сын да сезет. Ар кандай типтеги топурактын санитариялык абалын баалоодо ичеги таякчасы ж. б. микроорганизмдер колдонулат.
Т. Дөөлөткелдиева.